народный

Кыргыз Республикасынын жарандыгына 1338 адам кабыл алынды

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жана Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жөнүндө 5 Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

3 Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын жарандыгына 1338 адам кабыл алынат (анын ичинен 1031 — чоң адамдар жана 307 — балдар), алардын көпчүлүгү тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар.

2 Жарлыкка ылайык, 900 адам (анын ичинен 690 — чоң адамдар жана 210 — балдар) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгарылат.

Бардыгы 2238 адам кайрылышкан (1721 — чоң адамдар жана 517 — балдар).

Жарандарды кабыл алуу жана чыгаруу боюнча Жарлыктар менен бул жерден тааныша аласыздар: 12345.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru