Кыргыз Тайганы ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар тизмесине киргизилет

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги «Кыргыз Республикасынын материалдык эмес маданий мурастарынын элементтерин классификациялоо жөнүндө жобону жана Кыргыз Республикасынын материалдык эмес маданий мурастарынын улуттук тизмесин бекитүү жөнүндө» токтомго өзгөртүү киргизүү тууралуу долбоорун коомдук талкууга сунуштайт.

 Документке ылайык, өкмөттүн бул токтомунун долбоору мергенчилик иттердин породаларын коргоону күчөтүү жана сактоо максатында даярдалган.   

 Азыркы учурда, ЮНЕСКОнун иштери боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук комиссиясы менен биргеликте, ЮНЕСКОнун адамзаттын материалдык эмес маданий мурастарынын репрезентативдик тизмесине «Тайгандарды өстүрүү боюнча билим жана чеберчилик» номинациясын киргизүү боюнча тиешелүү документтер даярдалды.

 Тайган – бул Борбордук Азиядагы тазылардын байыркы тобунан чыккан, Кыргызстандын тоолуу шарттарында пайда болгон иттердин тукуму.  Ал республиканын тоолуу райондорунда, негизинен, Тянь-Шань зонасында кеңири жайылган жана деңиз деңгээлинен болжол менен 2-4 миң метр бийик тоолуу бөксө жерлерде иштөөгө жакшы ыңгайлашкан.

 Бүгүнкү күндө тайгандардын абалы оор кырдаалда турат жана бул тукумдун тукум курут болуп кетпеши үчүн, аларды сактап калуу жана өнүктүрүү зарылчылыгы келип чыгууда.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru