«Кыргыз темир жолу» башкармалыгынын башчысы Канат Жетенбаев кармалды

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы «Кыргыз темир жолу» жүк ташуу жана коммерциялык жумуштар бөлүмүнүн башчысы Ж.К.ны кармады. Бул тууралуу мамлекеттик кызматтан билдиришти. Маалыматка караганда, тергөө иштеринин жүрүшүндө «Кыргыз темир жолуна» жооптуу адамдары өздөрүнө жана башкаларга жеңилдиктерди алуу максатында, өлкөнүн мыйзамдарын бузуу менен, тийиштүү уруксат кагаздары жок, темир жол вагондорун мыйзамсыз кесип, натыйжада мамлекеттик бюджетке олуттуу өлчөмдө зыян келтиргендиги аныкталды. «Бул унаалар мамлекеттик ишкананын балансында турат. Кыргыз Республикасынын ишканаларынын балансында негизги каражаттарды эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө «жобого ылайык, эсептен чыгаруу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду тарабынан көрсөтүлгөн ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча жүргүзүлөт. Бирок Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун расмий жообуна ылайык, Финансылык полиция кызматкерлери тарабынан кесүү учурунда табылган жогоруда аталган вагондорду эсептен чыгаруу жүргүзүлгөн эмес, андыктан, «Кыргыз Темир Жолу» мамлекеттик ишканасынын жеке жооптуу адамдарынын аракеттери мыйзамсыз болуп саналат», – деп түшүндүрүштү Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы. Бүгүн Бишкектин Биринчи Май райондук соту тарабынан кармалган адамга карата алдын алуу чарасы тандалып алынат. «Учурда келтирилген чыгымды аныктоо, ошондой эле аталган мамлекеттик ишкананын мүлкүнүн мындан ары ысырап болушуна жол бербөө үчүн бардык зарыл болгон тергөө-оперативдик иш-чаралар жүргүзүлүүдө», – деп жыйынтыктады финансы полициясы.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru