«Кыргыз темир жолу» Улуттук компаниясы» ишканасынын кезектеги коррупциялык схемасы аныкталды

«Кыргыз темир жолу» Улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасында кезектеги коррупциялык, 25 миллион сомдук схема аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди. «2018-жылдан 2020-жылга чейинки аралыкта чарбалык субъект эң чоң материалдык пайда алуу максатында аталган мамлекеттик ишкананын жооптуу кызматкерлери менен жең ичинен сүйлөшүп алган. 1-типтеги (жогорку сапаттагы) жыгач шпалдардын ордуна иш жүзүндө стандарттарга жооп бербеген сапаты төмөндөрүн орнотушкан. Бул иш сотко чейинки өндүрүштүн алкагында аныкталды», — деп билдиришти УКМКдан. Мамлекеттик соттук экспертиза кызматы тарабынан жүргүзүлгөн соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы боюнча, бул коррупциялык схеманын натыйжасында мамлекетке 25 миллион сомдон ашык зыян келтирилгени такталган. «Мындай иш-аракеттин кесепети адам өлүмүнө алып келген темир жол кырсыгынын болуп кетүү кооптуулугун жаратмак», — деп айтылат маалыматта. 4-ноябрда Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүмү («Алдамчылык») боюнча көрсөтүлгөн сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен чарбалык субъектинин өкүлү И.Г.Аны камакка алуу түрүндө баш коргоо чарасы тандалган.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru