“Кыргыз темир жолунун” мурдагы директору Василий Дашков үй камагына чыкты

 “Кыргыз темир жолунун” мурдагы директору Василий Дашков үй камагына чыкты. Бул тууралуу Биринчи май райондук соту билдирет.

Маалыматка ылайык, 31-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунун токтому менен айыпталуучу Дашковдун баш коргоо чарасы соттук териштирүү бүткүчө үй камагына өзгөртүлгөн.

Белгилей кетсек, “Кыргыз темир жолу” ишканасынын мурдагы башчысы Василий Дашков 2020-жылдын майынан декабрь айына чейинки аралыкта товардык-материалдык баалуулуктарды алып келүү үчүн төлөм шылтоосу менен 1,1 млрд сомду жеке компанияга мыйзамсыз которгон деп айыпталган.

2021-жылдын 8-июнунда Дашков кармалып, УКМКнын убактылуу кармоо жайына киргизилген.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru