народный

Кыргыз тиш дарыгери жалган маалымат менен кармалды

ИИМ: Чүй облусу боюнча жалган маалымат  тараткан 2 факты катталды

Милиция кызматкерлери жалган маалыматтарды тараткан жарандардын өздүгүн тактоо боюнча тиешелүү иш-чараларды жүргүзүүдө.

Мисалга алсак, Чүй облусунда жалган маалымат таратуу боюнча 2 факты катталган.

 Милдиция кызматкерлери “WhatsApp” мессенджери аркылуу Ивановка айылында короновирус жуктургандар   дарыланууга жеткирилүүдө   деген жалган  маалыматты  тараткан аял кишинин өздүгүн тактады. Ал жергиликтүү  ооруканада тиш доктур болуп иштеген,  Ивановка айылынын  тургуну 27 жаштагы  Н.Н.     болуп чыккан.

Ошондой эле,  милиция кызматкерлери тарабынан “WhatsApp” мессенджеринде Ысык-Ата районунун Новопокровка айылында белгисиз адамдардын өздөрүн врач катары тааныштырып, коронавирустун шылтоосу менен үйлөргө кирип жаткандыгы тууралуу жалган маалымат таркаткан аял кишинин өздүгүн аныкташып, ал Ысык-Ата районунун Новопокровка айылынын   тургуну, 40 жаштагы К.С. аттуу экендиги маалым болгон.

ИИМдин басма сөз кызматы

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru