Кыргыз жараны Алтайдын бажы кызматкерине пара берип жаткан жеринен кармалды

Кыргыз жараны Алтайдын бажы кызматкерине пара берип жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.

Андагы маалыматка караганда, 48 жаштагы Кыргыз жараны бажы кызматкерине ага карата пртокол түзбөөсү үчүн 4 миң рубль сунуштаган.

“Ага карата бажы органдары тарбанынан транспорт каражатын токтотуу боюнча талабын аткарбай койгону үчүн тиешелүу протокол түзүлмөк.

Бажы кызматкери укук коргоо органдарына аны коррупциялык кылмышка барууга көндүрүп жаткандыгы жөнүндө өз убагында кабарлаган. Аталган Кыргыз жаранын пара берип жаткан жеринен Орусиянын Алтай бажысынын коррупцияга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кармалган. Учурда ага карата кылмыш иши козголду”, – деп жазылат маалыматта.

Ошондой эле, кабарда ал бир жылга чейин камакка алынышы жана 200 миң рубль өлчөмүндө айып салынышы мүмкүн экендиги жазылган.

Leave A Reply

Your email address will not be published.