Кыргыз жигит Америкада 16-кабатка чыгып алып, президенттин келүүсүн талап кылды-(ВИДЕО)
“Trump Tower” мейманканасынын 16-кабатындагы арканга асылган жигит видеого түшүп калган. Ошондой кадамы менен ал АКШнын президенти Дональд Трамп менен жолугушууну көздөгөн. Бул тууралуу “Chicago Sun-Times” сайты билдирди.
⠀
Ал мунаранын 16-кабатынан асылып, Трампка талаптарын маалымат каражаттары аркылуу жеткирүүнү талап кылат.
⠀
Жеринде полиция кызматкерлери эркек кишинин куру менен асынып алган деп божомолдошот. Эгер анын талаптарын аткаруудан баш тартса, анда ал өзүн-өзү өлтүрөм деп убада кылган. Полиция аны менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. “Now KG” Telegram каналы жигитти кыргыз деп тааныштырды.
Булак: Кактус медиа