«Кыргыз жылуулук энерго» ишканасынын тендердик комиссиясынын мүчөсү кармалды


500 миң сом өлчөмүндө акча талап кылуу фактысы боюнча УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан «Кыргыз жылуулук энерго» мамлекеттик ишканасынын филиалдарынын биринде көмүр сатып алуу боюнча тендердик комиссиянын мүчөсү У.Р кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз борбору билдирди.
«У.Р. экономикалык тармактарды 2020-2021-жылдарга күз-кыш мезгилине даярдоонун алкагында ири көлөмдөгү көмүр сатып алуу боюнча тендерде жеңишке жетишүү жөнүндө маселени оң чечкендиги үчүн ишкердиктин өкүлүнөн «Кыргыз жылуулук энерго» мамлекеттик ишканасынын жетекчилиги аркылуу сый акы түрүндө көрсөтүлгөн сумманы талап кылган.
Сотко чейинки процесстин материалдары Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 203-беренеси (Пара талап кылуу) боюнча КЖБРга катталды.
Учурда кармалган адам КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
«Тергөө иштери жүрүп жатат », – деп айтылат маалыматта.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru