народный

“Кыргызалтынга” 33 жаштагы жигит жетекчи болду

Директорлор кеңеши Элмырза Аманбекович Укубаевди “Кыргызалтын” ААК Башкармалыгынын Төрагасы кылып шайлады. Бул тууралуу ААК билдирди.
Маалым болгондой, бүгүн, 13-ноябрда, “Кыргызалтын” ААКнын директорлор кеңешинин жыйынында Элмырза Укубаевди директорлор кеңешинин төрагасы кылып дайындоо чечими кабыл алынды.
“Директорлор кеңешинин мүчөлөрү Укубаев өзүнө жүктөлгөн милдеттерди так аткарарын белгилешти, анткени ал жер казынасын пайдалануу жаатында бай тажрыйбага ээ жана тоо-кен тармагындагы чыныгы абалды жакшы билет”, – деп билдирди “Кыргызалтын”.
Буга чейин 2012-2013-жылдары ал Кумтөрдүн ишмердүүлүгүн изилдөө боюнча мамлекеттик комиссиянын мүчөсү болгон жана 2012-жылдан ушул күнгө чейин Кумтөр маселеси менен алектенип келгени маалымдалган.
Укубаев болгону 33 жашта.
Белгилей кетсек, буга чейин бул кызматты Алмаз Алимбеков ээлеп, ал өз каалоосу менен кызматтан кеткен.
Укубаев Элмырза Аманбекович 2009-жылы И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин Тоо-кен иштери жана тоо-кен технологиялары институтун аяктаган.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru