народный

Кыргызгидрометтен чукул кабар: Үшүк жүрүшү күтүлөт, кар көчкү коркунучу сакталууда.

2020-жылдын 10-апрелде Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында -3…-5° үшүк, Талас облусунун дыйканчылык аймактарында -5…-7° үшүк, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында 0…-2° үшүк, тоо этектеринде -2…-4° үшүк, Ысык-Көл облусунун дыйканчылык аймактарында -2…-4° үшүк, 11-апрелде түнкүсүн Талас, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында -2…-4° .

📌Мындай үшүктүн жүрүшү өрүктүн гүлдөгөн жана гүлдөп гүлү түшкөн бүчүрлөрүнө, данектүү мөмө бактарынын эрте сортторуна коркунуч алып келет.

📌10-апрелде жаап өткөн жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-255-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка унаа жолунун 71-74-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымдарында, Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 67-93-чакырымында (Кара-Гөө ашуусу), Каракол-Эңилчек унаа жолунун 64-90-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар күрткүсү жана кар көчкү түшүү коркунучу сакталат, жолдордун айрым участокторунда  тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

📌КР ӨКМнин адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, 2020-жылдын 6-апрелинде №02-34/318-Т жана №02-34/319-Т телефонограммалары чыгарылып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилген. Ошондой эле, КР ӨКМнин алдындагы ККББ тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген.

КР ӨКМдин Басмас сөз кызматы

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru