народный

“Кыргызнефтегаз” ишканасынын директорлугуна Тургунбаев Жусупжан дайындалды

Тургунбаев Мелис Жусупжанович  “Кыргызнефтегаз” ААКтын Башкармалыгынын жаңы төрагасы болду.  Мындай чечим “Кыргызнефтегаз” ААКтын Директорлор Кеңешинин 2020-жылдын 20-ноябрында өткөн отурумунда кабыл алынган. Жаңы Башкармалыктын Төрагасы командага сунушталган.

 Ага чейин Тургунбаев М.Ж.  2017-жылдан бери “Кыргызнефтегаз” ААКтын Директорлор Кеңешинин төрагасы болуп иштеген. 2013-2017-жылдар аралыгында  ушул эле компаниянын Директорлор кеңешинин мүчөсү болгон.  Жакында, «Кыргызнефтегаз» ААКтын Директорлор Кеңешинин төрагасы катары М.Ж.  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду тарабынан мамлекеттик менчиктин натыйжалуулугун жогорулатууга кошкон салымы үчүн “Мамлекеттик мүлктү башкаруу тутумунун отличниги” медалы менен сыйланды.

 Мелис Жусупжанович Борбордук Азиядагы Америка университетинин бүтүрүүчүсү.  2019-жылы докторлук диссертациясын жактап, экономика илимдеринин доктору наамын алган.

 Эмгек жолун 2002-жылы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин жетектөөчү адиси болуп баштаган. 2006-жылдан 2020-жылга чейин “Газпром” компаниясында  иштеген.  2006-2008-жылдар аралыгында  Маркетинг жана жарнама бөлүмүнүн башчысы, 2008-2015-жж  “Газпром Нефть Азия” ЖЧКсынын базарларды анализдөө жана баа түзүү бөлүмүнүн башчысы болгон.  2015-жылдан бери “Газпром Кыргызстан” ЖЧКнын “Жалал-Абад Газ” филиалын жетектеген.

 Тургунбаев Мелис Жусупжанович жогорку жетекчилик кызматтарда 20 жылдык тажрыйбасы бар жана бүгүнкү күндө мунай газ тармагындагы тажрыйбалуу жана таанылган адистердин бири.

 Мамлекет алдындагы атайын кызматтарды баалап, аймактарды өнүктүрүүгө, экономиканы чыңдоого, компаниялардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга кошкон салымы үчүн, ошондой эле жогорку кесипкөйлүгү жана ак ниеттүүлүгү үчүн Өкмөттүн, Экономика министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин  Ардак Грамоталары менен сыйланган.

 Ал 38 жашта.  Англис жана түрк тилдеринде эркин сүйлөйт.

 Анын ордуна Нурадин Камбаралиевич Касымов «Кыргызнефтегаз» ААКтын Директорлор Кеңешинин төрагасы болуп шайланды.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru