Кыргызстан 8,4 миллион долларга бааланган баалуу металлдын калдыгын сатты
Кыргызстан быйылкы жылдын январь айынан сентябрга чейинки убакта, тагыраак айтканда 9 ай ичинде 2 899,1 тонна баалуу металлдын калдыгы менен сыныктарын саткан. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет билдирди.
Баалуу металлдар кайсы мамлекеттерге экспорттолгон:
- Россия — 1 067,4 тонна;
- Литва — 676,1;
- Эстония — 649,8;
- Германия — 396,4;
- Гонконг (Кытайдын атайын аймагы) — 55,3;
- Нидерланддар — 54,1.
Бардык сатылган темирдин баасы 8,4 миллион долларга бааланган/ Ал эми, өткөн жылдын ушул мезгилинде дээрлик 9,4 миллион долларлык 3 168,9 тонна темир экспорттолгон.