Кыргызстан боюнча 410 адам обсервацияда жатат

Бүгүнкү күндө Кыргызстан боюнча 410 адам обсервацияда жатат. Бул тууралуу өкмөттө өткөн маалымат жыйында саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев билдирди.

“Кичи ажылыктан келген жарандар менен байланышта болгон 1 миң 42 адам дарыгердин көзөмөлүндө. Медициналык жана санитардык-карантиндик пункттар күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат”, – дейт министр.

Обсервация жана ооруканага жаткыруу үчүн 2 миң 290 орун дайындалгандыгын кошумчалады ал.

Эске салсак, 18-март күнү саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Кыргызстанда коронавирус жуктурган алгачкы учур катталганын, Сузак районунда 3 адамда коронавирус аныкталганын билдирген. Алар 12-мартта Кыргызстанга Сауд Арабиясынан кичи ажылыктан учуп келишкен. Коронавирус аныкталгандан кийин Сузак районунда өзгөчө кырдаал киргизилген. Ал эми бүгүн, 20-мартта дагы 3 адамдан коронавирус аныкталды.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru