Кыргызстан боюнча 528 адам обсервацияда жатат

Кыргызстан боюнча 528 адам обсервацияда жатты. Бул тууралуу өкмөттө болгон маалымат жыйында саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев билдирди.

Анын айтымында, обсервациядагы 528 адамдын 142си Сауд Арабиядан умрадан учуп келгендер.

“Обсервациялардын бири “Ганси” авиа базасында даярдалган. Ал жерде бардык шарттар түзүлгөн”, – дейт министр.

Чолпонбаев кошумчалагандай, обсервацияларда даараткана, жууна турган жер бар, ошондой эле 3 маал тамак берилет.

Белгилей кетсек, Умрадан учуп келген учакта 135 эмес, 144 адам экени аныкталды. Алардын 142си текшерилип, үчөөндө коронавирус аныкталган.

Эскерте кетсек, 18-мартта саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Кыргызстанда коронавирус жуктурган алгачкы учур катталганын билдирген. Илдетти жуктуруп алгандар 12-мартта Кыргызстанга Сауд Арабиясынан учуп келишкен.

Коронавирус аныкталгандан кийин Сузак районунда өзгөчө кырдаал киргизилген.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru