Кыргызстан боюнча канча адам коронавирусту жуктуруп алышы мүмкүн?

Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак району жана коронавирус табылган жарандар боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу өкмөттө өткөн маалымат жыйында саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев билдирди.

  “Эпидемиологиялык фонд канчаны түзүшү мүмкүндүгү тууралуу карта түзүлүүдө. Кечинде даяр болот. Кайсыл жакка барды, ким менен байланышта болду маалым болгондон соң статистика чыгат. Бирок азырынча божомол кылуу кыйын. Сценарий түздүк”, – деп билдирди ал.

Эске салсак, 18-март күнү саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Кыргызстанда коронавирус жуктурган алгачкы учур катталганын, Сузак районунда 3 адамда коронавирус аныкталганын билдирген. Алар 12-мартта Кыргызстанга Сауд Арабиясынан кичи ажылыктан учуп келишкен. Коронавирус аныкталгандан кийин Сузак районунда өзгөчө кырдаал киргизилген. Ал эми бүгүн, 20-мартта дагы 3 адамдан коронавирус аныкталды.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru