народный

Кыргызстан чет өлкөгө канча сомдук ичеги карынды экспорт кылганы анык болду

Январь айынан баштап августтун аягына чейин Кыргызстан чет өлкөгө малдын 825,4 тонна ичеги-карынын сатты. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин сайтында жазылган. Экспорттолгон ичеги-карындын жалпы суммасы дээрлик 50 миллион сомго (669 миң доллар) бааланган. Кайсы өлкөлөр сатып алган: Вьетнам — 363,7 тонна; Гонконг — 419,9 тонна; Мьянма — 22 тонна; Түркия —19,8 тонна. Өткөн жылдын ушул эле мезгилинде 740,6 тонна ичеги-карын сатылган болчу. Бирок түшкөн каражаттын суммасы көп төмөндөгөн эмес, сом менен 48,5 миллионго азайган, деген менен доллар менен эсептегенде 695,4 миңди түзөт. Былтыр Вьетнамга 700 тонна, калганы Мьянма менен Казакстанга экспорттолгон.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru