народный

Кыргызстан Кытай жарандарына виза берүүсүн убактылуу токтотту, Кытай элчилиги эмне дейт?

Кытай жарандарын киргизүү үчүн Кыргызстандан убактылуу виза берүү токтотулганы маалым болду. Кытай элчилиги бул маалыматка өзүнүн пикирин билдирип чыкты. Кыргызстандагы Кытай элчилигинин маалымат бөлүмүнүн жетекчиси Чжан Чженфен “коом.press” сайтына:- “Коронавирус оорусу күчөп кеткенден кийин кыргыз тараптан Кытай жарандарын Кыргызстанга киргизүүчү виза берүүнү убактылуу токтотту.  Чындыгында Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму соода-сатык иштерин кыскартып,  адамдардын башка өлкөлөргө кирип чыгуусуна тыю салган жок. Кытай менен Кыргызстан стратегиялык шериктеш жана жакшы мамиледеги коңшулар болуп эсептелинет.  Кытай тарап кыргыз тарап менен соода сатык, экономикалык жактан өнүктүрүүдөгү байланыштарды бекемдөөгө  дайыма шарт түзүп берүүгө даяр,”-деди.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru