народный

Кыргызстан менен Өзбекстанды байланыштырган контрабандалык туннель табылды (ВИДЕО)

11-июнда Ош облусунун Кара-Суу районунун Кара-Суу шаарындагы үйлөрдүн биринен кезектеги туннель табылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жогорудагы дарек боюнча тинтүү иштерин жүргүзүү учурунда имараттардын биринин кире беришинен жер астындагы туннель табылып, аталган үйдүн ээси М.И.М. аттуу КР жараны экендиги аныкталган.

Тергөөнүн жүрүшүндө шектүү 2021-жылдын сентябрь айларында ал 2014-жылдан бери тааныш болгон “Рустам” аттуу адам менен кылмыштуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Кыргызстандан Өзбекстанга эл керектөөчү товарларды жана чет элдик валютаны мыйзамсыз алып өтүү максатында Кыргызстан менен Өзбекстанды байланыштырган туннелди казуу боюнча иштерди, Кыргызстандын жана Өзбекстандын жарандары жүргүзүшкөнү такталган.

Жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө М.И.М. жасаган күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, бул кылмыштын жасалышынын бардык жагдайларын тактоо үчүн тергөө органдары менен толук кызматташууга даяр экендигин билдирген.

Азыркы учурда бардык зарыл болгон ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru