народный

Кыргызстан менен Өзбекстандын жарандары Екатеринбургдан массалык түрдө келе башташты

13-ноябрга караган түнү Екатеринбургдун “ Кольцово” аэропортунда  кыргыз жана өзбек жарандарынын узун кезеги пайда болду.  Бул тууралуу  ww.e1.ru басылмасы жазды.

Аэропорттун басма сөз кызматы бүгүн кечинде үч экспорттук рейс болгонун, элдер Бишкек, Ош жана Ташкентке багыт алганын билдирди. Бул рейстер менен Кыргызстан менен Өзбекстандын жарандары мекенине жөнөтүлдү.

“Учуу каттоосу башталганга чейин жана бажы көзөмөл зонасы ачылганга чейин, учууга төрт саат калганда, өткөрүү пунктуна 500дөн ашуун жүргүнчү жана аларды коштогон адамдар эл аралык линиялардын терминалында топтолуп калышкан. Тилекке каршы, аэропорттун укук коргоо органдары социалдык аралыктын сакталбай жатканына  эч кандай реакция кылган жок. “,-деп айтылат маалыматта.

Аэропорт короновирустун жайылышына жол бербөө боюнча бардык чаралар Кольцоводо сакталгандыгын билдирди. Бирок, бул иш-чаралардын аткарылышы көбүнчө конокторго көз каранды  экенин белгиледи.

“Биз  өзүнүн жана  айланасындагылардын ден-соолугуна жоопкерчиликтүү мамиле жасап, профилактикалык чараларды  эске алган аэропорттун жүргүнчүлөрүнө жана конокторуна ыраазычылык билдиребиз”, – деп кошумчалады Кольцово.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru