Кыргызстан менен Монголия терроризмге каршы күрөшүү жаатында биргелешип иш алпаруу аракетин жасоодо

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети «Бишкек шаарында 2019-жылдын 12-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Монголия Өкмөтүнүн ортосундагы Терроризм менен күрөшүүдөгү кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзамн долбоорун экинчи окууда жактырды.

УКМК төрагасынын орун басары Мирлан Тургунбеков келишим ратификацияланып калса, Кыргызстан менен Монголия адам уурдоо, барымтага алуу, учактарга куралдуу кол салуу, экологиялык терроризм, химиялык куралдарды колдонуу жаатында биргелешип иш алпара турганын белгиледи.

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru