Кыргызстан Орто Азияда сойкулук боюнча алдыңкы орунга чыктыбы?

Кыргызстан Борбор Азия өлкөлөрүнүн арасында сойкулук боюнча алдыңкы орунга чыкты. Жаш кыздардын экспорту ушул жерден Дубайга, Алматыга, Стамбулга, Москвага кетет. Бул тууралуу “Аргументы и факты”жазып чыкты.

Басылма буга чейин өзүнүн консерватизми жана катуу адеп-ахлагы менен белгилүү болгон мурунку советтик республиканын дене кумарларынын борборуна айланышы таң калыштуу көрүнөт деп белгилейт.

«Жооп жөнөкөй: Кыргызстандагы каада-салттар боюнча эркин деп айтпайсың, бирок ошол эле учурда Иран менен Афганистандагыдай ойноштук кылганы үчүн ташбараңга алынбайт. Ошондой эле алар сойкулук үчүн түрмөгө отурушпайт, айрыкча милиция кызматкерлерин тынымсыз кошомат кылып турушса. Туугандарга иши жөнүндө айтышпайт: акча айылга же шаарга жөнөтүлөт, ата-энелер кубанып жатышат», – деп жазат макаланын автору.

Ишкер Мухаммед Сагибовдун айтымында, Кыргызстан жакында Таиланддай болот. «Туристтер арзан кыздар менен чогуу эс алууга чыгышат. Адамдар Бишкекке Индия, Өзбекстан жана Ирандан учуп келишет», – деди ал гезитке.

“Коңшу өлкөлөр үчүн Кыргызстандын борбору чындыгында жаңы Амстердам же Паттайя. Республика жакыр бойдон кала берсе жана анын экономикасы кыйроого учурап жаткан болсо, секс-бизнес иш-аракеттери күч ала берет. Акы төлөнүүчү сүйүүгө болгон талап өсүүдө“,- деп жыйынтыктады автор.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru