Кыргызстан Түркияда өтүүчү IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрө баштады

Кыргызстан Түркиядагы IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрө баштады. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, агенттиктин директору Канат Шабданбаев 2021-жылы Түркия Республикасында өтө турган IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына улуттук спорттун түрлөрү боюнча курама командалардын даярдыгы боюнча жыйын өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстандын спортчуларын IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына сапаттуу даярдоонун маселелери каралды. «Спорттун улуттук түрлөрү боюнча курама командалардын даярдыгы үчүн бардык жоопкерчилик мамлекеттик агенттикке жүктөлгөн. Улуттук спорттун түрлөрү боюнча федерациялардын бардык өкүлдөрүнөн ушул маселелерге чоң жоопкерчилик менен мамиле жасоону, бардык талаптарды жана көрсөтмөлөрдү так аткарууну суранам», – деди Канат Шабданбаев. Жолугушуунун жыйынтыгында, мамлекеттик агенттиктин директору Улуттук спорттун түрлөрү боюнча дирекцияга 13-ноябрга чейин федерациялар менен биргеликте улуттук спорттун шаймандарынын стандартташтырылышын иштеп чыгууну тапшырды.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru