Кыргызстан жана Россиянын кайчылаш жылын өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин жыйыны болду

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновдун төрагалыгы алдында  Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын кайчылаш жылын өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин жыйыны болду. Бул туурасында өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. 

Жыйында Кыргызстан менен Россиянын кайчылаш жылынын эркин программасы (иш-чаралардын планы), ошондой эле бир катар уюштуруу маселелери талкууланды. 

Эки өлкөнүн кайчылаш жылынын салтанаттуу ачылыш аземи 27-февралда Москвада өтөт.

Белгилей кетсек, 2020-жылды эки өлкөнүн кайчылаш жылы деп жарыялоо жөнүндө чечим 2019-жылдын 28-мартында Орусиянын Президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында Мамлекет башчылары тарабынан кабыл алынган.

Кайчылаш жылдын алкагында саясий өз ара кызматташтык, экономикалык, маданий-гуманитардык, илимий-агартуучулук, аскерий-техникалык кызматташуу чөйрөлөрү, жаштар саясаты, туризм, саламаттык сактоо, аймактар аралык кызматташтык тармактары боюнча 200дөн ашык иш-чараны өткөрүү пландалды.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru