Кыргызстанда өтө турган хоккей боюнча дүйнөлүк чемпионатка Кувейттин командасы келбей калды

Кувейт өлкөдө коронавирус аныкталып, карантин жарыялангандыгына байланыштуу Кыргызстанда өтө турган хоккей боюнча дүйнөлүк чемпионатка катышпай турган болду. Бул тууралуу Шайба менен ойнолчу хоккей федерациясынан билдиришти.

Мындан улам команда бардык оюндарда автоматтык түрдө 5:0 эсебинде жеңилди деп табылат. “Бүгүн оюндардын расписаниесин кайрадан өзгөртүп чыгабыз”, — дешти федерациядан.

Оюндардын алдын ала түзүлгөн расписаниеси:

3-март

19:30 — турнирдин ачылышы;

20:00 — Кыргызстан — Филиппин;

4-март

20:00 — Филиппин — Малайзия;

5-март

18:00 — Кыргызстан — Малайзия;

20:00 — турнирдин жабылышы.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru