Кыргызстанда 322 млн 396,8 миң сомдук дары-дармектердин запасы бар

Республиканын саламаттыкты сактоо уюмдарында жалпы суммасы 322 млн 396,8 миң сомдук дары-дармектердин запасы бар. Бул тууралуу   Кыргыз Республикасынын Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун (ММК Фондунун) басма сөз кызматы билдирди.

 Анын ичинде:

 – Бишкек шаары 45 млн 714,3 миң сомго;

 – Ош облусу боюнча 179 млн 32,2 миң сомго;

 – Жалал-Абад облусу боюнча 41 млн 576,1 миң сомго;

 – Баткен облусу боюнча 20 млн 356,4 миң сомго;

 – Чүй облусу боюнча 13 млн 593,1 миң сомго;

 – Нарын облусу боюнча 12 млн 868,2 миң сомго;

 – Ысык-Көл облусу боюнча 7 миллион 43,4 миң сомго;

 – Талас району боюнча 5 млн 7,2 миң сомго.

 Учурдагы эпидемиологиялык кырдаалды эске алганда, запастар саламаттыкты сактоо уюмдары үчүн 1-1,5 айга же 8-10 миң бейтапка жетет.

 COVID-19 эпидемиясы башталгандан бери Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду консолидацияланган бюджеттен дары-дармектерди жана медициналык багыттагы буюмдарды  сатып алуу үчүн саламаттыкты сактоо уюмдарына 1 611 804,6 миң сом бөлүп берди.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru