Кыргызстанда 9 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды
Кыргызстанда 9 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынында Саламаттык сактоо министрлигинин ыкчам штабынын башчысынын орун басары Касымбек Мамбетов билдирди.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө 9 медицина кызматкери коронавирус илдетин жуктуруп алган. “Эки күндөгү жаңы катталган учурлардын 9у медкызматкерлер. 8инин жуктуруп алганы кечээ белгилүү болсо, бирөөнүкү бүгүн белгилүү болду. Алардын бардыгы коронавирус алып жүрүүчүлөр” , – деп кошумчалады ал.