Кыргызстанда акыркы суткада 22 медкызматкери коронавирус жуктурган

Кыргызстанда бир сутка ичинде коронавирус жуктуруп алган – 22 медициналык кызматкер катталды.

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, Бишкекте – 8, Ош шаарында – 1, Баткен облусунда – 4, Ысык-Көл облусунда – 1, Ош облусунда– 2, Чүй облусунда – 5, Талас облусунда – 1 кызматкер илдетке чалдыккан.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 7220 учур катталды.

Алардын ичинен бир суткада стационардан – 1 медкызматкер айыгып чыкты, үй карантинден – 5 медициналык кызматкер айыгып чыкты.

Жалпысынан республика боюнча – 6946 медициналык кызматкер айыкты.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru