народный

Кыргызстанда акыркы суткада COVID-19дун 567 учуру аныкталып, 2 өлүм катталды

Кыргызстанда  пневмония жана COVID-19 илдетинин жаңы 567 учуру аныкталды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка караагнда, Бишкек шаарында 136, Ош шаарында 41, Чүйдө 96, Ошто 65, Таласта 17, Нарында 12, Ысык-Көлдө 57, Жалал-Абадда 101, Баткенде 42 учур катталган.

Март айынан бери республикада  пневмония жана COVID-19 ооруларынын 65454 учуру катталды.

Ошондой эле, акыркы суткада коронавирустун эки өлүмү катталды.

Бишкек шаарында жана  Баткен облусунда бирден өлүм аныкталган.

Бардык мезгилде коронавирус жана пневмониядан 1 миң 195 адам көз жумган.

Саламаттыкты сактоо министрлиги Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму лабораториядан тастыкталган коронавируска оорулардын эл аралык классификациясында U07.1 кодун, ал эми пневмония үчүн U07.2 кодун бергенден кийин статистикалык  маалыматтар бириктирилген.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru