Кыргызстанда бир сутка ичинде 52 бейтап коронавирустан айыкты

Кыргызстанда бир сутка ичинде 52 бейтап коронавирустан айыгып, ооруканадан чыкты. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Бишкек шаарынан 6,

Чүй облусунан 13,

Ош облусунан 3,

Ош шаарынан 21,

Талас облусунан 6,

Баткен облусунан 3.

Республика боюнча бүгүнкү күнгө карата жалпы 2294 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.

Үсөнбаев кошумчалагандай, ооруканадан чыгарылгандардын кайталап алынган анализдери терс болуп чыккан.

Leave A Reply

Your email address will not be published.