Кыргызстанда COVID-19дун 570 учуру катталып, 3 адам көз жумду

Кыргызстанда пневмония жана COVID-19дун жаңы 570  учуру аныкталды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка караганда, Бишкек шаарында 121, Ош шаарында 114, Чүйдө 85, Ошто 30, Таласта 21, Нарында 5, Ысык-Көлдө 51, Жалал-Абадда 61, Баткенде 82 учур катталган.

Март айынан бери республикада пневмония жана COVID-19 ооруларынын 63 миң 960 учуру катталды.

Ошондой эле,бир сутка ичинде 3 адам коронавирустун курмандыгы болуп, каза болгондордун саны 1185ке жетти.

Саламаттыкты сактоо министрлиги Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму лабораториядан ырасталган коронавируска оорулардын эл аралык классификациясында U07.1 кодун, ал эми пневмония үчүн U07.2 кодун бергенден кийин статистикалык маалыматтар бириктирилген.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru