Кыргызстанда COVID-19дун жаңы 527 учуру аныкталды

Кыргызстанда бир күндө пневмония жана COVID-19 ооруларынын 527  учуру аныкталды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка караганда, Бишкек шаарында 108, Ошто 51, Чүй облусунда 97, Ошто 36, Таласта 15, Нарында 7, Ысык-Көлдө 59, Жалал-Абадда 105, Баткенде 49 учур катталган.

Март айынан бери республикада 64 миң 887  пневмония жана COVID-19 учурлары катталды.

Саламаттыкты сактоо министрлиги Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму лабораториядан тастыкталган коронавируска оорулардын эл аралык классификациясында U07.1 кодун, ал эми пневмония үчүн U07.2 кодун бергенден кийин статистикалык маалыматтар бириктирилген.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru