народный

Кыргызстанда дагы үч адамда коронавирус аныкталды

Кыргызстанда дагы үч адамда коронавирус аныкталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында билдирди.

“Алар Ноокат районунда болуп жатат. Илдетке чалдыккандар изоляторго алынды. Алар умрага барып келгендер болууда”, – деди ал.

Аны менен бирге ал умрага барып келгендер дүрбөлөң болбой, өзүн начар сезсе дарыгерге кайрылып, эч жакка барбоосу керектигин айтып өттү.

Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган адамдардын саны алтыга жетти.

Эске салсак, 18-март күнү саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Кыргызстанда коронавирус жуктурган алгачкы учур катталганын – Сузак районунда 3 адамда коронавирус аныкталганын билдирген. Алар 12-мартта Кыргызстанга Сауд Арабиясынан кичи ажылыктан учуп келишкен. Коронавирус аныкталгандан кийин Сузак районунда өзгөчө кырдаал киргизилген.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru