народный

Кыргызстанда дагы 13 адам коронавирустан айыгып чыкты

Кыргызстанда дагы 13 адам коронавирустан айыгып чыкты. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күнгө карата ооруканадан дагы 13 адам үйүнө чыгарылды. “Алардын анализдери оору жок деп көрсөттү. Ошентип ооруканадан айыгып чыккандардын саны 67ге жетти”, – деди министрдин орун басары.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru