Кыргызстанда эттин баасы эки жума ичинде 20-50 сомго кымбаттады

2020-жылдын 5-ноябрынан 19-ноябрына чейин уй эти орточо чекене баада 20-50 сомго көтөрүлдү. Бул тууралуу Экономика министрлиги билдирди.                                                    Өткөн жуманын аягында эттин килограммы 340 сомдон 450 сомго чейин сатылган. Эң чоң өсүш Нарын облусунда белгиленип, анда продукт бир маалда 40-50 сомго кымбаттаса, ал эми Таласта 10 сомго кымбаттады. Чолпон-Ата шаарында эттин баасы азырынча өзгөргөн жок.                                                                                                    

“Баалардын кымбатташына Өзбекстан жана Тажикстандан келген ишкерлер үй жаныбарларын жогорулатылган баада сатып алганы себеп болду”- деп белгилешти департаменттен. Эске салсак, өкмөттүн токтому менен алты ай ичинде продукциянын 14 түрүн, анын ичинде тирүү малдын экспорттолушуна тыюу салынган. Бир күн мурун бул маселе парламентте көтөрүлүп, анда чектөөлөрдү алып салуу керектиги айтылган. Айыл чарба министри Тилек Токтогазиев мындай көз караш менен макул эмес.                            «Тирүү малдын экспортуна гана тыюу салынган, эттин экспорттолушуна чек коюлган эмес. Эттин килограммы 500 сомго көтөрүлүшү, бул өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө болуп жатат. Мамлекет мындай нерселерге реакция кылышы керек”, – деди ал буга чейин.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru