Кыргызстанда евронун курсу тынымсыз көтөрүлүп жатат

Кыргызстанда евронун курсу 100 сомдон ашты . Бул тууралуу Valuta.kg сайтында айтылат.

Маалыматка караганда , европалык валютаны сатып алуунун орточо баасы 99,21 сом, сатуу – 100,61. Улуттук банктын расмий курсу 99,23 сом.

Доллар 84,06 сомго сатылып алынса, сатылууда – 84,56.

Доллар эки жума мурун кымбаттаган. Улуттук банк кийлигишүүгө аргасыз болуп, рекорддук  42,4 миллион долларды саткан. Бул акыркы жарым жылдагы эң ири интервенция. Бирок жуманын башында ал кайрадан кескин өсө баштады, эки күндүн ичинде 2,5 сомго кымбаттады.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru