Кыргызстанда ИДПнын өсүү темпи дээрлик 9%га төмөндөдү — Жапаров

Кыргызстандын ички дүң продукциясынын (ИДП) өсүү темпи дээрлик 9%га төмөндөдү. Бул тууралуу “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында президент Садыр Жапаров элге кайрылуу жасап жатып билдирди.

Жапаров былтыр мамлекет үчүн абдан оор жыл болгонун белгиледи.

“Бул акыркы 20 жылдагы эң төмөнкү көрсөткүч. Бюджеттин дефицити мурдагы жылдарга караганда 3 эсеге өсүп, ИДПга карата 3%ды түздү. Ал эми жыл соңуна карата тышкы карызыбыз ички дүң продукциясына карата 58%ды түзүп, эң эле опурталдуу чекке жетти”, – дейт ал.

Эскерте кетсек, президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-майда үстүбүздөгү жылдын 11-апрелиндеги референдумда (жалпы элдик добуш берүүдө) кабыл алынган Кыргызстандын жаңы Конституциясына кол койду.

Leave A Reply

Your email address will not be published.