Кыргызстанда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө болду
Кыргызстандын аймагында очогундагы күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө болду. Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, жер титирөө бүгүн, 13-мартта эртең менен катталган.
⠀
Анын очогу Кыргызстандын аймагында, Ничке-Сай айылынан чыгышка 2 чакырымда, Кыргызстан айылынан түштүк-чыгышка 8 чакырымда, Жалал-Абад шаарынан түштүк-чыгышка 38 чакырымда жайгашты.
⠀
Жер титирөөнүн күчү Ничке-Сай, Кыргызстан, Кайрат, Жийде, Калта, Зергер айылдарында 2,5 баллга сезилген.