Кыргызстанда коронавирус катталган жок

Коронавирус боюнча өлкөдөгү абал президент Сооронбай Жээнбеков  жана премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин жеке көзөмөлүндө. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев билдирди.

“Кыргызстанда коронавирус катталган жок, эпидемиологиялык абал туруктуу. Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан республикалык жана ыкчам штаб уюштурулган, ал күнү-түнү иштейт. 22 санитардык-карантиндик жана убактылуу медициналык пункттарда эпидемияга каршы иш-чаралар күнү-түнү жүргүзүлүп жатат”, – дейт министр.

Санитардык-карантиндик пункттарда жана обсервациялоо, госпиталдаштыруу пункттарында 99 дарыгер, 341 эпидемиолог, санитардык дарыгерлер жана лаборатордук кызматкерлер иштөөдө

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru