народный

Кыргызстанда коронавирус жуктурган дагы 2 учур катталып, ооругандардын саны 44кө жетти

Кыргызстанда коронавирусту жуктурган 2 учур катталып, ооругандардын саны 44 жетти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

Бирөөсү – 1960-ж.т. эркек киши Бишкек ш. (байланышта болгон), бирөөсү – 1985-ж.т. эркек киши Чүй облусунун Москва районунда (Дубайдан келген).

Бардыгы болуп, бүгүнкү күндө өлкө боюнча коронавирусун жуктурган 44 учур аныкталды:
Ош облусунда – 20 учур
Жалал-Абад облусунда – 19 учур
Бишкек ш. – 3 учур
Чүй облусунда – 1 учур
Баткен облусунда – 1 учур

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru