народный

Кыргызстанда коронавирустун “омикрон” штаммы катталды

Кыргызстанда коронавирустун “омикрон” штамы катталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Жаңы штамм Бишкек шаары менен Чүй облусунда аныкталганы белгилүү болду.

“Анализдердин жыйынтыгы чыкты. Кечээ жок болчу, бүгүн аз санда катталды. Азырынча “омикрон” менен канча адам ооруп жатканы белгисиз. Аныктоо, тактоо иштери жүрүп жатат. Анализдер Бишкектин лабораторияларында жасалат”, — деди министр Алымкадыр Бейшеналиев.

Бүгүн, 12-январда беш айдан бери биринчи жолу бир суткада COVID-19дун 465 жаңы учуру катталды.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru