Кыргызстанда короновирустун 400 учуру катталды

Кыргызстанда бир күндө пневмония жана COVID-19 ооруларынын 400 жаңы учурлары аныкталды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка караганда, Бишкек шаарында 88, Ош – 9, Чүй – 59, Ош – 33, Талас – 4, Нарын – 7, Ысык-Көл – 35, Жалал-Абад – 97, Баткен – 68 катталган.

Март айынан бери республикада пневмония жана COVID-19 ооруларынын 60 миң 279 учуру катталды.

Саламаттыкты сактоо министрлиги Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму лаборатория тарабынан ырасталган коронавирус кодун оорулардын эл аралык классификациясына U07.1,ал эми  пневмония үчүн U07.2 кодун бергенден кийин статистикалык маалыматтар бириктирилди

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru