Кыргызстанда короновирустун 425 учуру аныкталып,беш өлүм катталды

Кыргызстанда пневмония жана COVID-19 ооруларынын  жаңы 425 учуру аныкталды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка караганда, Бишкек шаарында 110, Ош шаарында 13, Чүйдө 117, Ошто 50, Таласта 8, Нарында 8, Ысык-Көлдө 55, Жалал-Абадда 35, Баткенде 29 учур катталган.

Март айынан бери республикада пневмония жана COVID-19 ооруларынын 67 миң 894 учуру катталды.

Ошондой эле, бир суткада 5 өлүм аныкталды.

Маалыматка таянсак, Бишкек шаарында, Талас, Чүй, Жалал-Абад жана Ош облустарында бирден адам каза болду.

Бардык мезгилде 1222 адам коронавирус жана  пневмониядан көз жумду.

Саламаттыкты сактоо министрлиги Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму лабораториядан тастыкталган коронавируска оорулардын эл аралык классификациясында U07.1 кодун, ал эми  пневмония үчүн U07.2 кодун бергенден кийин статистикалык маалыматтар бириктирилген.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru