Кыргызстанда короновирустун 479 учуру аныкталып, төрт адам каза тапты

Кыргызстанда акыркы суткда  пневмония жана COVID-19дун жаңы 479 учуру  аныкталды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка караганда, Бишкек шаарында 169, Ошто 26, Чүйдө 77, Ошто 15, Таласта 23, Нарында 1, Ысык-Көлдө 59, Жалал-Абадда 64, Баткенде 45 учур катталган.

Март айынан бери республикада пневмония жана COVID-19 оорусунун 66 миң 983 учуру катталды.

Ошондой эле, илдеттен төрт адам каза тапты.

Эки адам Бишкекте, экөө Талас облусунда көз жумган.

Бардык мезгилде коронавирус жана  пневмониядан 1 миң 203 адам көз жумду.

Саламаттыкты сактоо министрлиги ВОЗ лаборатория тарабынан ырасталган коронавирус кодун оорулардын эл аралык классификациясына U07.1 кодун, ал эми пневмония үчүн U07.2 кодун бергенден кийин статистикалык маалыматтар бириктирилди.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru