Кыргызстанда короновирустун 486 учуру аныкталып,төрт адам набыт болду
Кыргызстанда акыркы суткада 486 пневмония жана COVID-19дун жаңы 486 учуру аныкталды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарында 143, Ош шаарында 22, Чүйдө 137, Ошто 32, Таласта 18, Нарында 71, Ысык-Көлдө 42, Жалал-Абадда 49, Баткенде 36 учур катталган.
Март айынан бери республикада пневмония жана COVID-19 ооруларынын 67 469 учуру катталды.
Ошондой эле, өлкөдө төрт өлүм катталды.
Бишкекте эки адам, Таласта жана Чүйдө бирден адам каза болду.
Бардык мезгилде коронавирустан жана пневмониядан 1 миң 207 адам көз жумду.
Саламаттыкты сактоо министрлиги ВОЗ лаборатория тарабынан ырасталган коронавирус кодун оорулардын эл аралык классификациясына U07.1 кодун, ал пневмония үчүн U07.2 кодун бергенден кийин статистикалык маалыматтар бириктирилген.