Кыргызстанда короновирустун 522 учуру аныкталды
Кыргызстанда пневмония жана COVID-19 ооруларынын 522 чуру аныкталды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарында 110, Ош шаарында 33, Чүйдө 58, Ошто 75, Таласта 26, Нарында 7, Ысык-Көлдө 37, Жалал-Абадда 86, Баткенде 90 учур катталган.
Март айынан бери республикада пневмония жана COVID-19 ооруларынын 57 миң 798 учуру катталды.
Эске салсак, Саламаттыкты сактоо министрлиги ВОЗ лаборатория тарабынан тастыкталган коронавируска оорулардын эл аралык классификациясында U07.1, ал эми пневмония үчүн U07.2 кодун бергенден кийин статистика бириктирилген.