Кыргызстанда короновистун 447 учуру аныкталып, төрт адам каза тапты

Акыркы суткада пневмония жана COVID-19дун жаңы 447 учурлары аныкталды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка караганда, Бишкек шаарында 200, Ош шаарында 16, Чүйдө 86, Ошто 25, Таласта 20, Нарында 5, Ысык-Көлдө 49, Жалал-Абадда 29, Баткенде 17 учур катталган. Март айынан бери республикада 69 миң 149 пневмония жана COVID-19 учурлары катталды.

Ошондой эле, беш өлүм аныкталды. Үч өлүм Бишкек шаарында, бирөө Талас облусунда катталды.

Бардык мезгилде коронавирус жана пневмония менен 1227 адам көз жумган. Саламаттыкты сактоо министрлиги Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо министрлиги лабораториялык тастыкталган коронавируска оорулардын эл аралык классификациясында U07.1 кодун, ал эми пневмония үчүн U07.2 кодун бергенден кийин статистикалык маалыматтар бириктирилген.

Leave A Reply

Your email address will not be published.