народный

Кыргызстанда Орозо айы качан башталары белгилүү болду

 

Кыргызстанда Орозо айы 24-апрелде башталат. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти.

“Эл аралык астрономиялык обсерваториялардын тажрыйбаларын пайдалануу менен жана коңшу Өзбекстан жана Казакстандын дин башкармалыктары менен кеңешип орозонун биринчи күнү аныкталды. Шарияттын көрсөтмөлөрүнө жана изилдөөлөрдүн жыйынтыгына ылайык Рамазан айы ушул жылдын 24-апрелинде башталат деген чечим кабыл алынды”, – деп айтылат маалыматта.

Муфтияттан белгилешкендей, көрсөтүлгөн күн айдын чыгышына карап бир күнгө айырмаланышы мүмкүн.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru