Кыргызстанда унааларды кайра каттаттуу жана айдоочулук күбөлүктүн баасы арзандады

Мамлекеттик каттоо кызматынын маалымат кызматынын билдиргенине таянсак,   2020-жылдын 1-мартынан баштап “Унаа” мамлекеттик кызматы айдоочулук күбөлүктүн баасын арзандатты. Ошондой эле унааларды бир аймактан экинчи аймакка каттоого тургузуунун баасы да арзандады.  Демек, айдоочулук күбөлүк 184 сом. Эгерде айдоочулук күбөлүктү алмаштырууну кааласа күбөлүктүн өздүк наркы  540 сом, банктын коммисия кызматы менен кошо  724 сомго ала алат.   Ал эми унааны катоодон чыгарып башка адамга каттап берүү мурда 1900 сом болсо, азыр 1716 сомду түзөт.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru