Кыргызстанда жумушсуз аялдарга караганда жумушсуз эркектер көп. Статистика

Кыргызстанда расмий түрдө катталган жумушсуздардын саны жыл сайын көбөйүүдө. Улуттук статистикалык комитеттин берген маалыматына ылайык, өлкөдө жумушу жок эркектер аялдарга караганда басымдуулук кылат.

Коом пресс” маалымат агенттиги Кыргызстандагы жумушсуз жарандардын санына, билимине жана жынысына саресеп салып көрдү.

Жумушсуздуктун саны жыл сайын көбөйүүдө

Улуттук статистикалык комитеттин анализине байкоо жүргүзсөк, 2020-жылга катталган жалпы жумушсуздардын саны 76 652. Бул 2018-жылга салыштырмалуу 5783 ишсиз адамга көптүк кылат. Башкача айтканда, 2018-жылы жумушсуз статусу менен 70869 адам расмий каттоого алынган. Ал эми, 2019-жылдагы жумушсуздардын саны 76 101 адамды түзөт.

Жумушсуздардын ичинен 4493 адам жогорку билимдүү

Улуттук статистикалык комитеттин чыгарган анализине ылайык, жумушсуздардын ичинен 4493 адамдын жогорку билимин тастыктаган диплому бар. Ошондой эле 6582 адам толук эмес кесиптик окуу жайларды бүтүргөн.

Ал эми орто билимдүү, башкача айтканда мектепти аяктаган жумушсуздардын саны 52 563 адамды түзөт. Кошумчалай кетсек, расмий түрдө катталган жумушсуздардын ичинен 13 014 адамдын билим деӊгээли толук эмес орто. Тактап айтканда мектепти толук бүтүрүшкөн эмес.

Жумушсуз аялдарга караганда эркектер басымдуулук кылат

2020-жылы каттоого алынган жумушсуз эркектердин саны 40 748. Ал эми, ушул эле жылы 35 904 аял жумушсуз статусу менен катталган. Бул жумушсуз эркектер аялдарга караганда дээрлик 14% га көптүк кылат дегенди билдирет.

Жумушсуз аялдар менен эркектердин санындагы жогорудагыдай айырмачылык 2018 жана 2019-жылдардагы статистика маалыматтарында да байкалат. Белгилей кетсек, 2020-жылга карата Кыргызстанда 6 млн 500 миӊ адам бар экени айтылган. Алардын ичинен 3,3 миллион аял болсо, 3,2 миллион адамды эркектер түзөт.

Жогоруда келтирилген анализден өлкөдө жумушсуздуктун саны жыл санап өсүп жатканын байкоого болот. Маалымат катары кошумчалай кетсек, бул мисал расмий түрдө каттоого алынган жумушсуздардын гана негизинде баяндалды. Албетте, каттоого алынбаган ишсиз жарандардын да саны арбын экени талашсыз.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru